# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 24.09.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158588>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21172/edition/1111603/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158588.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158588

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 24-сентябры № 184 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 388 "Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

1

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

456

анын ичинде:

- борбордук аппараты

188

- ведомстволук бөлүмдөрү

40

- аймактык бөлүмдөрү

11

- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелери

217

".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы башка уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

1

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

187

анын ичинде:

- борбордук аппараты

29

- ведомстволук бөлүмдөрү

11

- аймактык бөлүмдөрү

5

- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелери(\*)

142

".

- эскертүүнүн биринчи абзацындагы "66" деген цифралар "67" деген цифралар менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо, ошондой эле кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды эске алсын.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов
