# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 189 "2021-жылдын 28-июнунда Ашхабад шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 6-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосунда граждандардын өз ара барып-келүүлөрү тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 189 "2021-жылдын 28-июнунда Ашхабад шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 6-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосунда граждандардын өз ара барып-келүүлөрү тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158587>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21171/edition/1096461/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158587.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 189 "2021-жылдын 28-июнунда Ашхабад шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 6-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосунда граждандардын өз ара барып-келүүлөрү тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу" токтому (28.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158587

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 28-сентябры № 189 2021-жылдын 28-июнунда Ашхабад шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 6-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосунда граждандардын өз ара барып-келүүлөрү тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2021-жылдын 28-июнунда Ашхабад шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 6-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосунда граждандардын өз ара барып-келүүлөрү тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө тиркелген протокол бекитилсин (мындан ары - Протокол).

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркмөн тарапка жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов
