# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 172
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158583>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21167/edition/1091634/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158583.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (16.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158583

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 16-сентябры № 172 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 5 жана 6-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) токтомдун аталышы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин «округдук,» деген сөз менен толукталсын;

2) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Сый акынын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:

- шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө жана ишке тартылган операторлорго 1-тиркемеге ылайык;

- округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө 2-тиркемеге ылайык.";

3) токтомдун тиркемеси бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

4) бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 2-тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар шайлоо комиссияларынын ишинин мөөнөтүн оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулган каражаттардын эсебинен ишке ашырылары белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

У. А. Марипов

1-тиркеме

«1-тиркеме

Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө жана ишке тартылган операторлорго сый акынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

№

Аталышы

Сый акынын өлчөмү (сом менен)

Төлөө мөөнөтү

1

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы

5000

Ай сайын

2

Аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы

4000

Ай сайын

3

Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү

3000

Ай сайын

4

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы

4000

Ай сайын

5

Участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы

3500

Ай сайын

6

Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү

2000

Ай сайын

7

Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү (автоматтык эсептөөчү урналардын оператору)

3000

Ай сайын

8

Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү (шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилинде жарандарды идентификациялоо боюнча жабдуулардын оператору)

3000

Ай сайын

9

Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу, ишке тартылган операторлор (участкалык шайлоо комиссиясы үчүн)

3000

Иштөө мезгилинде

».

2-тиркеме

«2-тиркеме

Округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

№

Аталышы

Сый акынын өлчөмү (сом менен)

Төлөө мөөнөтү

1

Округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы

7000

Ай сайын

2

Округдук шайлоо комиссиясынын катчысы

5000

Ай сайын

3

Округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү

4000

Ай сайын

».
