Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 „Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 16-сентябры № 172 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 5 жана 6-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин «округдук,» деген сөз менен толукталсын;
2) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сый акынын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:
- шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө жана ишке тартылган операторлорго 1-тиркемеге ылайык;
- округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө 2-тиркемеге ылайык.";
3) токтомдун тиркемеси бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 2-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар шайлоо комиссияларынын ишинин мөөнөтүн оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулган каражаттардын эсебинен ишке ашырылары белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
У. А. Марипов
1-тиркеме
«1-тиркеме
Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө жана ишке тартылган операторлорго сый акынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№
Аталышы
Сый акынын өлчөмү (сом менен)
Төлөө мөөнөтү
1
Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы
5000
Ай сайын
2
Аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы
4000
Ай сайын
3
Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү
3000
Ай сайын
4
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы
4000
Ай сайын
5
Участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы
3500
Ай сайын
6
Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү
2000
Ай сайын
7
Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү (автоматтык эсептөөчү урналардын оператору)
3000
Ай сайын
8
Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү (шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилинде жарандарды идентификациялоо боюнча жабдуулардын оператору)
3000
Ай сайын
9
Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу, ишке тартылган операторлор (участкалык шайлоо комиссиясы үчүн)
3000
Иштөө мезгилинде
».
2-тиркеме
«2-тиркеме
Округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№
Аталышы
Сый акынын өлчөмү (сом менен)
Төлөө мөөнөтү
1
Округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы
7000
Ай сайын
2
Округдук шайлоо комиссиясынын катчысы
5000
Ай сайын
3
Округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
4000
Ай сайын
».
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына…Постановление · 26.04.2017 · № 242
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы №40 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Постановление · 11.02.2020 · № 40
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 05.11.2019 · № 121