# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18 августундагы № 494 "Кара-Суу шаарыньн мэриясына объекттерди жана жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18 августундагы № 494 "Кара-Суу шаарыньн мэриясына объекттерди жана жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 494
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158580>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21164/edition/1088638/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158580.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18 августундагы № 494 "Кара-Суу шаарыньн мэриясына объекттерди жана жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (18.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158580

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18 августу № 494 Кара-Суу шаарыньн мэриясына объекттерди жана жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө «Мүлккө муниципалдык менчик жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6 беренелерине, “Kыргыз Республикасынын Өкмөту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргьз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаментинин оперативдүү башкаруу укугундагы Кара-Суу шаары, Рахимов көч., 4 дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 975.0 м2 жер участокторун Ош облусунун Кapa-Суу районундагы Кара-Суу шаарыньн мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Кара-Суу шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторун муниципалдык менчикке кабыл алуу;

- аталган жер участокторун мамлекеттик каттоодон кайра өткөрүү.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмунө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
