Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18 августундагы № 494 «Кара-Суу шаарыньн мэриясына объекттерди жана жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 18 августу № 494 Кара-Суу шаарыньн мэриясына объекттерди жана жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө «Мүлккө муниципалдык менчик жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6 беренелерине, “Kыргыз Республикасынын Өкмөту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргьз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаментинин оперативдүү башкаруу укугундагы Кара-Суу шаары, Рахимов көч., 4 дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 975.0 м2 жер участокторун Ош облусунун Кapa-Суу районундагы Кара-Суу шаарыньн мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кара-Суу шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторун муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- аталган жер участокторун мамлекеттик каттоодон кайра өткөрүү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмунө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон