# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158577>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21161/edition/1158267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158577.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтому (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158577

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 10-августу № 119 Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)

Унга рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2021-жылдын 1-майынан тартып 2022-жылдын 1-августуна чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.

1). түздөн-түз импорттоочу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан ун тартууга арналган данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1001 коду) импорттоо боюнча.

2). түздөн-түз импорттоочу тарабынан ата мекендик дандан, ошондой эле ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бошотулган дандан тартылган ундун (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101) салык салынуучу берүүлөрү боюнча.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Төрага

У.А.Марипов
