# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 104 "1993-жылдын 13-январындагы Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 104 "1993-жылдын 13-январындагы Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158575>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21160/edition/1088508/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158575.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 104 "1993-жылдын 13-январындагы Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому (03.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158575

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 3-августу № 104 1993-жылдын 13-январындагы Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Тизмедеги химикаттарга карата экспорттук контролдоонун натыйжалуу системасын түзүү жана жапырт кыйратуучу куралдарды жайылтпоо жаатындагы Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин талаптарын аткаруу максатында, 1993-жылдын 13-январындагы Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенциянын 7-беренесине, "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 1993-жылдын 13-январындагы Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 6-августундагы № 85 (3264) жарыяланды

Төрага

У.А. Марипов
