# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-мартындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-мартындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158567>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21156/edition/1136926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158567.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-мартындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (18.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158567

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 токтомуна ылайык) КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 12-марты № 91 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин ишке ашыруу, салык салуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 354-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 29 жана 30-пункттар менен толукталсын: "

29

Кыргыз Республикасынын жарандары жалдаган, чек ара аймактарында жекече эмгек ишин жүргүзгөн эмгек мигранттарынын кызмат көрсөтүүлөрү:

а) өсүмдүк өстүрүү жаатында

01.61.9

800

б) курулуш жаатында

43.99.9

в) мал чарба жаатында

01.62.0

г) жекече тейлөө боюнча башка кызматтарды көрсөтүү

96.09.0

30

Курьердик иштин кызмат көрсөтүүлөрү

53.20.0

1000

".

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик миграция кызматы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте эмгек мигранттарынын кыймылын жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жекече эмгек ишин жүргүзүүгө патенттерди алышын контролдоо чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү маселелерин иштеп чыксын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

У.А. Марипов
