# Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158557>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21147/edition/1108096/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158557.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (10.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158557

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМУ 2021-жылдын 10-сентябры № 167 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 2-тиркемесинде, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары акциялардын мамлекеттик пакеттерин киргизүү жолу менен менчиктештирүү жүзөгө ашырылуучу объекттердин тизмегинде: -3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

3

“Каракуль ГЭС” ААК

100,0

100,0

Объект “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКтын уставдык капиталына салым катары өткөрүлүп берилүүгө тийиш

”.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350

“2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен төмөнкүлөр суралсын:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүнү киргизүү:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 2-тиркемесинин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “

“Каракуль ГЭС” ААК

100,0

100,0

Объект “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКтын уставдык капиталына салым катары өткөрүлүп берилүүгө тийиш

”;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселе каралганда Кыргыз Республикасынын инвестициялар министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов
