Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясын жана Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясын жактыруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 15-июлу № 77 Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясын жана Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясын жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелерине, кесиптик жамааттарга, кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кесиптик стандарттарды жана квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгууда методикалык жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясы 1-тиркемеге ылайык;
- Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кесиптик стандарттарды жана квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгууда жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелерине жана башка кызыкдар уюмдарга Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясын жана Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясын жетекчиликке алуу сунушталсын.
3. Эмгек чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Методологияларды колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү берсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 23-июлундагы № 81 (3260) жарыяланды
Төрага
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 77 токтомуна)Методика · 15.07.2021 · № 77
- Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуунун методологиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 77 токтомуна)Методика · 15.07.2021 · № 77
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.10.2018 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон