# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158552>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21144/edition/1085268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158552.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (28.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158552

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 662 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 8-июлу № 62 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтому менен жактырылган 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоорунда: 4-пунктунда:

- биринчи абзацындагы "25" деген цифралар "29" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 1-пунктчасындагы "10" деген цифралар "14" деген цифралар менен алмаштырылсын;

2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 - 3-4-пункттар менен толукталсын: "

31

"Кепилдик фонд" ААК

4132000

14,09

14,09

32

"Альфа Телеком" ЖАК

170000

100

100

33

"Евразиялык Сактык Банкы" ААК

300000

76,56

76,56

34

"Керемет Банк" ААК

8698746,4

0,74

0,74

".

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI "2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтому менен бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароодо Кыргыз Республикасынын инвестициялар министринин орун басары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 13-июлундагы № 79 (3258) жарыяланды

Төрага

У.А. Марипов
