Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 9-июну № 25 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эсенаманов З.С., Карашев А.А. тарабынан демилгеленген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага
У.А. Марипов
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-июнундагы № 25 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.С.Эсенаманов жана А.А.Карашев демилгелеген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.С.Эсенаманов жана А.А.Карашев демилгелеген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет. Сунушталган мыйзам долбоору менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, депутаттар тобунун, фракциялардын жана фракциялардын коалицияларынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын колдонуудагы мыйзамдарда каралган шаарлардын мэрлери жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары кызмат орундарына талапкерлерди коюуну демилгелөө эрежелеринин ордуна республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын Президентинин жана райондордун акимдеринин сунуштары боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештердин жүргүзүүсү сунушталууда. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзүп жаткан реформанын алкагында (ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары Президент тарабынан аныкталат) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жергиликтүү кеңештердин макулдугу менен шаарлардын жана райондордун акимдери, ал эми республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери шаардык кеңештердин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындала тургандыгы каралууда. Ошол эле учурда облустук жана республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү мамлекеттик администрациялар институтун киргизүү жана аларга аткаруу бийлигинин мамлекеттик маселелерин жеринде чечүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктарды берүү каралууда. Андан кийин министрликтердин жана ведомстволордун аймактык түзүмдөрүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын карамагына берүү каралууда, бул жергиликтүү бийликти күчөтүү үчүн жетиштүү инструментин түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-беренесинин тиешелүү аймактагы аткаруу бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрация жүзөгө ашыра турган жоболорун ишке ашырууну бир кыйла камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Азыркы учурда "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору иштелип чыкты, алар жакынкы убакта мыйзам долбоорлорунун пакети менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет. Мындан сырткары "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ордуна жүргүзүлүп жаткан мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 14-беренесинде каралгандай республикалык маанидеги шаарлардын статусу жөнүндө бирдиктүү мыйзамды киргизүү каралууда, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн өзгөчөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарда каралгандан башкача тартипте эске алынбашы мүмкүн. Ушуга байланыштуу сунушталган редакциядагы мыйзам долбоорун мындан ары жылдырууну токтото туруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну же болбосо жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жеткире иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон