# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы № 70 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы № 70 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158547>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21141/edition/1095578/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158547.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы № 70 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтому (12.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158547

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 12-июлу № 70 Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, айыл чарба малдарын багуучу чарба жүргүзүүчү субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Салык алынуучу жеткирүүлөр жана салык алынуучу импорт боюнча кошумча наркка нөл (0) пайыз өлчөмүндө салык ставкасы 2021-жылдын 15-июлунан 31-декабрына чейин: тазаланбаган, майдаланган же майдаланбаган, жанчылган же жанчылбаган, пресстелген же гранул түрүндөгү саман жана дан өсүмдүктөрү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1213000000), брюква, жалбырактуу кызылча (мангольд), тоют тамыр өсүмдүктөрү, чөп, беде, кара беде, эспарцет, тоют капустасы, бөрү буурчак, жер буурчак жана ушул сыяктуу гранулдашкан же гранулдашпаган тоют азыктары (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1214), жүгөрү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1005), арпа (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1003900000), сулу (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1004900000) үчүн белгиленсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирет.

Төрага

У. А. Марипов
