# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-сентябрындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-сентябрындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 07.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21137/edition/1095574/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158541.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-сентябрындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (21.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158541

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 7-сентябры № 164 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 690 токтомунун редакциясына ылайык)

“Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан стратегиялык объекттерди сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруу маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары – Ведомстволор аралык комиссия) жеке курамын түзсүн жана белгиленген тартипте бекитсин.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 690 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп аныкталсын.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 690 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Төрага

У. А. Марипов
