# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158540>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21136/edition/1082426/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158540.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (13.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158540

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 13-августу № 129 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 721 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттарын бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 296 "Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 17-августундагы № 88 (3267) жарыяланды

Төрага

У.А. Марипов
