Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 декабря 2021 года № 300 "О вопросах подведомственных подразделений и организаций Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-10.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
5-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Борбор) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Борбор:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат;
- Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) механизмдерин илгерилетүү боюнча башкаруу функцияларын ишке ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
3. Борбор өз ишинде түздөн-түз Министрликке отчет берет.
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбор мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү, чет өлкөлүк инвесторлор, эл аралык уюмдар, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө иштейт.
6. Борбор юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, банктарда жана казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
7. Борбордун толук расмий аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси";
2) расмий тилде: "Государственное учреждение "Центр государственно-частного партнерства" при Министерстве инвестиций Кыргызской Республики";
3) англис тилинде: "State institution "Public-private partnership center" under the Ministry of Investments of the Kyrgyz Republic".
8. Борбордун жайгашкан жери: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.
2. Борбордун максаты жана милдеттери
9. Борбордун максаты МЖӨ механизмдерин пайдалануу менен жеке инвестицияларды жана жеке сектордун башкаруу тажрыйбасын тартуу аркылуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык инфратүзүмдөрдү жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун илгерилетүү болуп саналат.
10. Борбордун милдеттери МЖӨ долбоорлорун башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын ар түрдүү социалдык-маанилүү тармактарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо жана МЖӨ механизмдерин жайылтуу болуп саналат.
3. Борбордун функциялары
11. Борбор жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- Кыргыз Республикасында МЖӨ өнүктүрүү боюнча бекитилген программаларды жана пландарды ишке ашырат, Министрликке мындай программалар менен пландардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жактары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- МЖӨ жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга, экспертизалоого жана ишке ашырууга катышат;
- МЖӨ долбоорлорун издөө, даярдоо, жүзөгө ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу иштешине көмөк көрсөтүүчү методикалык мүнөздөгү документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Министрликке бекитүү жана андан ары колдонуу үчүн берет;
- МЖӨ долбоорлорун каржылоо фондунун (мындан ары - Фонд) ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка жактан камсыздайт, Фонддун кароосуна келип түшкөн документтерге экспертиза жүргүзүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасындагы МЖӨ боюнча кеңештин ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка жактан камсыздайт;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын МЖӨ долбоорлорун демилгелөөгө байланышкан иши боюнча сунуштарды киргизет;
- МЖӨ механизмдерине шайкеш келүү предметине карата МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө сунуштарга, МЖӨ долбоорлору боюнча жеке демилге жөнүндө сунуштарга экспертиза жүргүзөт жана аларды кароонун жыйынтыгы боюнча Министрликке сунуштарды киргизет;
- мамлекеттик өнөктөштөргө МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө сунуштарды, ошондой эле конкурстук документтерди иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт;
- МЖӨ алкагында МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу предметине карата аларга талдоо жүргүзөт;
- потенциалдуу МЖӨ долбоорлорун издейт;
- жогору турган органдардын чечимдерин аткарат, ошондой эле алардын чечимдеринин мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
- Фонддун чечимдерин аткарат, ошондой эле Фонддун атынан анын чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
2) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- МЖӨ долбоорлорунун ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү, анын ичинде потенциалдуу МЖӨ долбоорлорун издөө жана тандоо, МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча көмөк көрсөтөт;
- ишке ашырылган МЖӨ долбоорлорун чогултат, талдайт жана жалпылайт, кызыкдар тараптарга маалымдоо үчүн натыйжалуу долбоорлорду аныктайт;
- ишке ашырылуучу жана потенциалдуу МЖӨ долбоорлорунун, ошондой эле башка МЖӨ демилгелеринин ачык базасын түзөт жана жүргүзөт;
- МЖӨ долбоорлору боюнча мамлекеттик өнөктөштөрдү аныктоо жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет;
- "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат;
3) колдоо функциялары:
- МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуштарды, МЖӨ долбоорлору боюнча техникалык-экономикалык негиздемелерди, конкурстук жана башка документтерди, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана фонддордун каражатынын эсебинен даярдоо үчүн көз карандысыз консультанттарды тартат;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, түзүмдөштүрүү, каржылоо, ишке ашыруу жана коштоо маселелери боюнча консультация берет;
- МЖӨ маселелери боюнча маалыматтык-маалымдама жана аналитикалык адабиятты иштеп чыгат жана басып чыгарат;
- МЖӨ маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, бизнес өкүлдөрүн жана бардык кызыкдар адамдарды окутат;
- Кыргыз Республикасында иштеп жаткан жана потенциалдуу МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу саясаты жөнүндө кызыкдар адамдарга маалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарына ылайык МЖӨ маселелери боюнча, анын ичинде МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, түзүмдөштүрүү, ишке ашыруу жана коштоо маселелери боюнча жеке секторго кызматтарды көрсөтөт;
- МЖӨ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана МЖӨ чөйрөсүндөгү экономикалык жана укуктук билимди жайылтуу максатында кеңешмелерди, семинарларды, форумдарды, конференцияларды жана башка маалыматтык иш-чараларды уюштурат.
4. Борбордун укуктары
12. Борбор ушул Жободо аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан Борбордун милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды суроого жана алууга;
2) МЖӨ маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, кеңешмелерге башка иш-чараларга катышууга;
3) Борбордун алдында турган милдеттерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте тартууга;
4) өз компетенциясынын чегинде МЖӨ маселелери боюнча иш жүргүзүүчү эл аралык уюмдар жана институттар менен кызматташууга;
5) эгерде коомдук коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде бирикмелердин, ассоциациялардын жана фонддордун максаттары жана милдеттери Борбордун максаттарына жана милдеттерине ылайык келсе, мындай уюмдар менен кызматташууга;
6) МЖӨ маселелери боюнча консультация берүү, Борбордун кызматкерлерин окутуу жана түзүлүүчү жарандык-укуктук келишимдердин негизинде башка кызматтарды көрсөтүү үчүн эксперттерди, адистерди жана консультанттарды тартууга;
7) МЖӨ маселелери боюнча конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга, анын ичинен чет мамлекеттердин аймагына конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн Борбордун кызматкерлерин жиберүүгө;
8) Борбордун каражаттарынын эсебинен Борбордун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында аларды окутууга;
9) өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк инвесторлор менен өз ара аракеттенүүгө;
10) белгиленген тартипте материалдык ресурстарды жана башка мүлктү сатып алуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
11) Борбордун максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
12) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
5. Борбордун ишин уюштуруу
13. Борборду Кыргыз Республикасынын инвестициялар министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор башкарат. Борбордун директору түздөн-түз министрге баш иет.
14. Борбордо директордун орун басарынын кызмат орду каралган, ал Борбордун директордун сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде аткарат. Борбордун директору жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
15. Борбордун кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналбайт жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
16. Директор:
1) Борбордун ишин жетектейт жана Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин натыйжасы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Борбордун кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
3) Борборду жетектейт жана анын атынан ишеним катсыз иштейт;
4) өз компетенциясынын чегинде Борбордун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
5) бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде Борбордун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын министрге бекитүүгө киргизет;
6) Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону жана Борбордун кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
7) Борбордун кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
8) Борбордун айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет;
9) Борбордун кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Министрлик жөнүндө жобого жана ушул Жобого ылайык Борбордун ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
17. Борбор өз ишин министрдин, министрдин тескеген орун басарынын жалпы жетекчилигинин астында, ошондой эле Борбордун директорунун түздөн-түз жетекчилиги астында жүргүзөт.
18. Борбор жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын январынан кечиктирбестен, өткөн отчеттук жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө Министрликке отчет берет.
6. Борбордун финансы-чарбалык иши
19. Борбор өз ишин жүргүзүү максатында төмөнкүлөрдү пайдаланат:
1) ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттин менчигиндеги мүлктү;
2) финансы каражаттарын, мүлктү жана башка объекттерди, анын ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин продуктулары түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
20. Борбордун ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү Борбордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
21.Борбордун финансы каражаттарынын булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметасына ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
2) гранттык негизде алынган каражаттар жана юридикалык жана жеке жактардан ыктыярдуу төгүмдөрү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
7. Корутунду жоболор
22. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
23. Борбордун ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер Кыргыз Республикасынын архив фонду жөнүндө мыйзамдарына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө"…Постановление · 18.08.2021 · № 146
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 11.08.2021 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021