Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 декабря 2021 года № 300 "О вопросах подведомственных подразделений и организаций Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-10.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
4-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин (мындан ары - Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Департамент:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департаменттин укук улантуучусу болуп саналат.
2) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын банкроттугу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруудан тышкары, Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык банкроттук жана анын алдын алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, ошондой эле банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруу шарттарын камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
3. Департамент өзү ишинде түздөн-түз Министрликке отчет берет.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент ушул Жобо менен аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенет.
6. Департамент юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, банктарда жана казыналык системасында алыш-бериш эсебине жана башка эсептерге, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, ошондой эле башка мөөрлөргө, штамптарга, белгиленген үлгүдөгү бланктарга ээ.
Уюштуруучулук-укуктук формасы - ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Департаменттин толук расмий аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент";
2) расмий тилде: "Департамент по делам банкротства при Министерстве инвестиций Кыргызской Республики".
8. Департаменттин кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Банкроттук иштер боюнча департамент";
2) расмий тилде: "Департамент по делам банкротства".
9. Департаменттин жайгашкан жери: 720002, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.
2. Департаменттин ишинин максаты
10. Департаменттин ишинин максаты банкроттук процессинин жол-жоболорун жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.
3. Департаменттин милдеттери
11. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын банкроттугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруудан тышкары, Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарын ишке ашырууну камсыз кылуу жана чарбалык субъекттердин банкроттугун алдын алууну жүргүзүү;
2) банкроттук институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү;
3) банкроттук процессинин алкагында төлөөгө жөндөмсүз чарбалык субъекттерге мониторинг жүргүзүү жана талдоо, ошондой эле аларды чыңдоо боюнча чараларды иштеп чыгуу;
4) жок болгон карызкордун банкроттугун ишке ашыруунун шарттарын камсыз кылуу;
5) банкроттук процессинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу.
4. Департаменттин функциялары
12. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй негизги функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функцияларын:
- банкроттук механизмин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү;
- банкроттук жана анын алдын алуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик эмес мүнөздөгү актылардын долбоорлорун даярдоого катышуу;
- банкроттук жана анын алдын алуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна, ошондой эле адистештирилген фонддон каражаттарды алуу үчүн администраторлор тарабынан жиберилген документтерге экспертиза жүргүзүү;
- банкроттук жаатындагы программаларды ишке ашыруу;
- банкроттук процессинде администратор катары кесиптик иш жүргүзгөн адамдарга карата талаптарды иштеп чыгуу;
2) жөнгө салуу функцияларын:
- лицензиялык комиссиянын ишин уюштуруу, банкроттук процессиндеги администраторлордун ишин лицензиялоону жүргүзүүнү уюштуруучулук-эксперттик камсыздоо;
- банкроттук боюнча адистерди (администраторлорду) даярдоо, кесиптик деңгээлин баалоо системасын уюштуруу, окутуунун тиешелүү программаларын жана окутуучу уюмдарга карата талаптарды, ошондой эле квалификацияны жогорулатуу боюнча курстарды иштеп чыгуу;
- лицензияларды берүү (кайра тариздөө), токтото туруу жана токтотуу, ошондой эле лицензиянын түп нускасы жоголгон (бузулган) учурда лицензиянын дубликаттарын берүү;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функцияларын:
- банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык шарттарды камсыз кылуу боюнча ишти координациялоо;
- администраторлор тарабынан банкроттук процессинин жол-жоболорунун Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшүн контролдоону ишке ашыруу;
- мамлекет кредитор болуп саналган карызкорлордун банкроттук процессинин жол-жоболорун козгоо маселелеринде мамлекеттин жалгыз өкүлүнүн ыйгарым укуктарын белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу;
- мамлекет катышуучу (менчик ээси) болуп саналган карызкорлордун банкроттук процессинде мамлекеттин кызыкчылыктарын билдирүү;
- администраторлордун мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
- белгиленген тартипте банкрот деп жарыяланган (таанылган) жеке (жеке ишкерлердин) жана юридикалык жактардын реестрин жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын лицензиялык мыйзамдарынын жана лицензиардын талаптарынын лицензиат тарабынан аткарылышын контролдоону жүргүзүү;
- адистештирилген фонддон берилген акча каражаттарынын администраторлор тарабынан максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
- банкроттук чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы бузуулар жөнүндө иштерди кароого материалдарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жаза чараларын колдонуу;
- уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан төлөөгө жөндөмсүз карызкорлордун (анын ичинде экономикалык жана социалдык маанилүү объекттердин) эсебин жүргүзүү (мониторинг жүргүзүү);
- талаш-тартыш учурларда жеке жана юридикалык жактардын банкроттук жол-жоболорунун маселелери боюнча даттанууларын жана арыздарын белгиленген тартипте кароо;
4) колдоо көрсөтүү функцияларын:
- администраторлордон отчеттук маалыматты жыйноо жана талдоо;
- Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында каралган банкроттук процессинин жол-жоболору колдонулуп жаткан же колдонулган чарбалык субъекттердин ишин талдоо жана мындай субъекттерди финансылык чыңдоо боюнча сунуштарды берүү;
- инвесторлорду тартуу максатында маалыматта жайылтуу жолу менен банкроттук процессинин жол-жоболору колдонулуп жаткан чарбалык субъекттердин активдерин сатууга көмөк көрсөтүү;
- банкроттук жаатындагы маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына консультация берүү;
- банкроттук жол-жоболорунун алкагында сатылуучу же сатууга даярдалып жаткан активдердин маалымат базасын түзүү;
- администраторлорго методикалык жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте администраторлорду ишке дайындоо, четтетүү, бошотуу;
- администраторлордун отчеттору боюнча корутундуларды сотко берүү (банкроттук процесси соттук тартипте жүргүзүлгөндө).
5. Департаменттин укуктары
13. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекет кредитор болуп саналган карызкорлордун банкроттук процессинин жол-жоболорун козгоо маселелеринде мамлекеттин атынан мамлекеттин кызыкчылыгын, ошондой эле мамлекет катышуучу (менчик ээси) болуп саналган карызкорлордун банкроттук процессинде мамлекеттин кызыкчылыктарын белгиленген тартипте билдирүүгө;
2) мамлекет кредитор болуп саналган чарбалык субъекттердин уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан банкроттук процессинин жол-жоболорун козгоого;
3) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан, менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан белгиленген тартипте суроого;
4) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жактардын жетекчилерин угууга;
5) жок болгон карызкорлорго карата банкроттук процессин ишке ашыруу максатында белгиленген тартипте адистештирилген фондду түзүүгө;
6) банкроттук жана анын алдын алуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик эмес мүнөздөгү актылардын долбоорлорун Министрликтин кароосуна киргизүүгө;
7) администраторлордон Департаменттин контролдоо функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана отчетторду суроого жана алууга, ошондой эле алынган маалымат жана отчеттор боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;
8) администраторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө маалымат (арыздар, даттануулар) болгон учурда алардын ишин текшерүүгө;
9) карызкорго таандык болгон активдерди жайгашкан жери боюнча көчмө текшерүүгө;
10) администраторлордун ишин комплекстүү текшерүү үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана кызыкдар болгон жактарды тартуу менен ведомстволор аралык жумушчу топторду (комиссияларды) түзүүгө;
11) тиешелүү органдардан банкроттук процессинин катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу максатында төлөөгө жөндөмсүз субъекттердин активдери менен бүтүмдөрдү каттоону токтото турууну талап кылууга;
12) текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча администратор, ошондой эле банкроттук процессинин башка катышуучулары тарабынан жол берилген конкреттүү бузууларды көрсөтүү менен тиешелүү документтерди (актыларды, протоколдорду) тариздөөгө жана Департамент тарабынан белгиленген мөөнөттө бузууларды жоюуга милдеттендирген чечимдерди чыгарууга;
13) администраторлор тарабынан аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө чечимдер аткарылбаган учурда - жазуу жүзүндөгү эскертүү берүүгө;
14) банкроттук чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар жөнүндө иштерди кароого материалдарды даярдоого жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза чараларын колдонууга;
15) соттун, прокуратуранын же башка ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча төлөөгө жөндөмсүздүк, ошондой эле жалган же алдын ала ойлонулган банкроттук белгилеринин бар экендиги жөнүндө корутундуларды берүүгө;
16) банкроттук процессинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына берүүгө;
17) төлөөгө жөндөмсүз чарбалык субъекттердин активдерин сатуу боюнча тооруктарды уюштурууну жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүүгө (талап кылуу укугун өткөрүп берүү келишими, ошондой эле башка келишимдер (макулдашуулар) боюнча);
18) администраторлор менен келишимдерди (төлөөгө жөндөмсүз карызкордун активдерине талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууларды) жана Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык башка келишимдерди түзүүгө;
19) өзүнүн компетенциясынын чегинде банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруу жана лицензиялоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
20) Департаменттин милдеттерине жана максаттарына ылайык жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди түзүүгө;
21) конференцияларды, семинарларды, "тегерек столдорду", анын ичинде эл аралык уюмдардын катышуусу менен уюштурууга;
22) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
14. Департаментти Кыргыз Республикасынын инвестициялар министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
Департаменттин директору түздөн-түз министрге баш иет.
15. Департаментте директордун орун басарынын кызмат орду каралган, ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүргүзөт.
Департаменттин директору жок болгон учурда анын милдеттери расмий документтерге кол коюу укугу менен директордун орун басарына жүктөлөт.
16. Департаменттин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
17. Департаменттин директору:
1) Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана чектелген штаттык санынын чегинде Департаменттин түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорлорун министрге бекитүүгө киргизет;
3) Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитет;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
5) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
6) Департаменттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды Министрликке белгиленген тартипте киргизет;
7) Департаменттин каражаттарын жана мүлктөрүн мыйзамда белгиленген тартипте башкарат;
8) Департаменттин айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет;
9) Департаменттин кызматкерлерине карата тартиптик таасир этүү жаза чараларын колдонот;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Министрлик жөнүндө Жобого жана ушул Жобого ылайык Департаменттин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
18. Департамент өзү ишин министрдин, министрдин тейлөөчү орун басарынын, ошондой эле Департаменттин директорунун түздөн-түз жетекчилиги астында жүргүзөт.
19. Департамент жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын январынан кечиктирбестен Министрликке өткөн отчеттук жылдагы ишинин жыйынтыктары тууралуу отчет берет.
20. Департаменттин чечимдери буйруктар түрүндө чыгарылат. Администраторлорду дайындоого, кызматтан четтетүүгө жана бошотууга байланышкан Департаменттин чечимдери боюнча талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык соттук тартипте каралат.
7. Департаменттин финансылык-чарбалык иши
21. Департамент өз ишин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөрдү пайдаланат:
1) мамлекеттик менчикте турган, ыкчам башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мүлктү;
2) финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка объекттерди, анын ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгегинин продуктусу түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды;
22. Департаменттин ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү Департаменттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
23. Департаменттин финансы каражаттарынын булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) кирешелердин жана чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык адистештирилген фонддун каражаттары.
24. Департаменттин жок болгон карызкорго карата банкроттук процессин ишке ашыруу боюнча чыгымдары адистештирилген фонддон жүргүзүлөт.
8. Корутунду жоболор
25. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
26. Департаменттин ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын архив фонду жөнүндө мыйзамдарына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө"…Постановление · 18.08.2021 · № 146
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021