Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 декабря 2021 года № 300 "О вопросах подведомственных подразделений и организаций Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-10.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо имараттарды, жайларды, курулмаларды, кыймылдуу мүлктү жана жер участокторун (мындан ары - мамлекеттик мүлк) натыйжалуу, сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо жана ижарага берүү жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - мамлекеттик мекеме) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Мамлекеттик мекеме:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат;
2) Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
3. Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик мекеменин уюштуруучусу болуп эсептелет.
5. Мамлекеттик мекеменин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Аукционный центр" при Фонде по управлению государственным имуществом при Министерстве инвестиций Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Аукциондук борбор" ММ;
- расмий тилде: ГУ "Аукционный центр".
6. Мамлекеттик мекеме юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 151.
2. Мамлекеттик мекеменин максаты
8. Мамлекеттик мекеменин максаты мамлекеттик мүлктү электрондук аукциондор жана тооруктар механизми аркылуу ижарага берүү жолу менен аны натыйжалуу пайдалануу болуп саналат.
3. Мамлекеттик мекеменин милдеттери
9. Мамлекеттик мекеменин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү натыйжалуу, сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо;
2) юридикалык жана жеке жактарга ижарага бериле турган мамлекеттик имараттардын, жайлардын, курулмалардын, кыймылдуу мүлктүн жана жер участокторунун бирдиктүү реестрин түзүү;
3) электрондук соода аянттарын пайдалануу менен мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө, аны менчиктештирүүдө санариптештирүү процесстерин илгерилетүү;
4) мамлекеттик мүлктү ижарага берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
4. Мамлекеттик мекеменин функциялары
10. Мамлекеттик мекеме өзүнүн компетенциясынын чегинде жана жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) мамлекеттик мүлктү берүү жана ижара келишимдерин каттоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Фонддун кароосуна киргизүү;
2) мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө сунуштарды Фонддун кароосуна киргизүү;
3) электрондук аукциондорду жана тооруктарды өткөрүү аркылуу мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жобосунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
4) мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн түзүлгөн келишимдерин каттоо жана эсепке алуу тартибин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
5) мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;
6) каттоого түшкөн мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдерин кароо жана аларды каттоо;
7) мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдерин реестрлөө жана эсепке алуу;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнү ишке ашыруу боюнча практикалык чараларды көрүү;
9) балансты кармоочулар менен мамлекеттик мүлктүн ижара акысынан каражаттардын которулушун салыштырып текшерүү жана кийин карыздарды жоюу боюнча чараларды көрүү менен карыздарды аныктоо;
10) мамлекеттик мүлктү ижаралоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын белгиленген тартипте кароо;
11) ижара келишимдерин узартууну каттоо;
12) тооруктардын өткөрүлө тургандыгы жөнүндө кабарлоо;
13) тоорукка коюлуучу объекттер менен катышуучуларды тааныштыруу;
14) ижара келишимдерин каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик маалыматтык-каттоо ресурстарын түзүүнү, сактоону, пайдаланууну жана коопсуздукту камсыздоо;
15) мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтык ресурстарды түзүүгө, каттоого, калыптандырууга жана тейлөөгө катышуу;
16) ижарага берилген мамлекеттик мүлктү эсепке алуу;
17) кыймылдуу жана кыймылсыз, анын ичинде профилдик эмес мүлктүн пайдаланылбай жаткан, токтоп турган мамлекеттик объектилерине, ошондой эле жер участокторуна мониторинг жүргүзүү, аларды андан ары натыйжалуу пайдалануу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
18) ижара акысынын рынок баасына мониторинг жүргүзүү;
19) мамлекеттик мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү;
20) ижара келишимдерин каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө жарандарга маалымдоо;
21) мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча координациялык жана башка комиссияларды, жумушчу топторду түзүү жана алардын ишине катышуу;
22) мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин квалификациясын жана потенциалын жогорулатуу.
5. Мамлекеттик мекеменин укуктары
11. Мамлекеттик мекеме өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик мүлктү ижарага берүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга;
2) санын, жалпы жана пайдалуу аянтын, баланстык наркын тактоо үчүн мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоого;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугусуз мамлекеттик органдарга, мекемелерге, ишканаларга ижарага берилип жаткан объектилерди аныктоо боюнча иш-чараларды белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;
4) белгиленген тартипте ижара келишиминин шарттарында мамлекеттик мүлктү берүүгө;
5) мамлекеттик мүлктүн ижара келишимдери боюнча төлөмдөрдү эсепке алууну, чогултууну жана контролдоону ишке ашырууга;
6) ижара келишими боюнча милдеттенмелер бузулганда, ижара келишими боюнча төлөмдөрдү мажбурлап өндүрүү жөнүндө сотко доо арыз берүүгө;
7) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга берилген мамлекеттик мүлктүн максаттуу пайдаланылышына контроль жүргүзүүгө;
8) ижара мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдар бузулса, мамлекеттик органдарга, юридикалык жана жеке жактарга кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
9) мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
10) электрондук аукциондор жана тооруктар аркылуу мамлекеттик мүлктү ижарага белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү камсыздоого;
11) юридикалык жана жеке жактардан белгиленген тартипте эсептешүү менен материалдык ресурстарды, мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
12) юридикалык жана жеке жактар менен эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
13) мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча кызматкерлерге кеңеш берүү, окутуу үчүн белгиленген тартипте келишимдик негизде адистерди ишке тартууга;
14) мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн чет өлкөлөргө белгиленген тартипте жиберүүгө;
15) эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
16) ижарага берилүүчү мамлекеттик мүлк объекттери жөнүндө кызыкдар жактарга маалымат берүүгө;
17) келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү ишке ашырууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, жоопкерчиликти алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга;
18) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте алыш-бериш эсептерин ачууга;
19) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Мамлекеттик мекеменин ишин уюштуруу
12. Мамлекеттик мекемени Фонддун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын инвестициялар министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
13. Мамлекеттик мекеменин директору жүктөлгөн функциялык милдеттеринин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
14. Мамлекеттик мекемеде директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Мамлекеттик мекеменин директорунун орун басары директордун сунуштамасы боюнча Фонддун төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
15. Мамлекеттик мекеменин кызматчылары мамлекеттик кызматчылар болуп саналышпайт жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директор тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
16. Мамлекеттик мекеменин директору:
1) мамлекеттик мекемени башкарат жана мамлекеттик мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик тартат;
2) мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
3) мамлекеттик мекеменин атынан ишеним катсыз аракеттенет;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, уюмдарында жана мекемелеринде мамлекеттик мекеменин кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
5) мамлекеттик мекеменин иш пландарын, кирешелер жана чыгымдар сметасын бекитет;
6) Фонд менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мекеменин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
7) мамлекеттик мекеменин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
8) мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартип жоопкерчилик чараларын көрөт;
9) мамлекеттик мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана ички иш тартибин бекитет;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Фонд жөнүндө жобого жана ушул Жобого ылайык мамлекеттик мекеменин ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
7. Мамлекеттик мекеменин финансылык-чарбалык иши
17. Мамлекеттик мекеме өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөрдү пайдаланат:
1) мамлекеттик менчикте турган, ыкчам башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мүлктү;
2) финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка объекттерди, анын ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгегинин продуктулары түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
18. Мамлекеттик мекеменин ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү мамлекеттик мекеменин эсебинен жүзөгө ашырылат.
19. Мамлекеттик мекеменин финансылык каражаттарынын булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
- гранттык негизде алынган каражаттар, юридикалык жана жеке жактардан ыктыярдуу төгүмдөр;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
20. Мамлекеттик мекеменин ишин контролдоону Фонд жүзөгө ашырат. Мамлекеттик мекеме Фондго финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетту белгиленген тартипте берет.
8. Корутунду жоболор
21. Мамлекеттик мекемени кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
22. Мамлекеттик мекеменин ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер Кыргыз Республикасынын архив фонду жөнүндө мыйзамдарына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө"…Постановление · 18.08.2021 · № 146
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021