Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 декабря 2021 года № 300 "О вопросах подведомственных подразделений и организаций Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-10.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негизин аныктайт.
2. Фонд:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун укугун улантуучу болуп саналат;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча саясатты жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
3. Фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле бул Жобону жетекчиликке алат.
4. Фонд өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
5. Фонд юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, банктарда жана казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
Уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
6. Фонддун расмий толук аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд";
2) расмий тилде: "Фонд по управлению государственным имуществом при Министерстве инвестиций Кыргызской Республики".
7. Фонддун кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд";
2) расмий тилде: "Фонд по управлению государственным имуществом".
8. Фонддун жайгашкан жери: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 151.
2. Фонддун максаты
9. Фонддун максаты мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, башкаруу жана менчиктештирүү болуп эсептелет.
3. Фонддун милдеттери
10. Фонддун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын ишке ашыруу;
2) мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана инвентаризациялоо;
3) мамлекеттик ишканаларда жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
4) Кыргыз Республикасынын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу.
4. Фонддун функциялары
11. Фонд төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин менчик формасындагы мекемелердин негизги каражаттарын эсепке алууну жана инвентаризациялоону уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү эсепке алууну жана инвентаризациялоону уюштуруу боюнча методикалык жана ченемдик документтерди иштеп чыгуу жана аларды Министрликке бекитүү жана кийинки колдонуу үчүн берүү;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбооруна киргизүү үчүн мамлекеттик менчик объектилеринин тизмесин түзүү;
- инвестициялык жана коммерциялык долбоорлорду, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөө үчүн мамлекеттик менчик объектилеринин тизмесин түзүү жана Министрликке берүү;
- мамлекеттик ишканаларды, мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдорду түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча чараларды белгиленген тартипте көрүү;
- мамлекеттик мүлктү чарбалык башкарууга, оперативдүү башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга белгиленген тартипте өткөрүп берүү;
- мамлекеттик менчик объектилерин жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп берүү боюнча практикалык чараларды көрүү;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча практикалык чараларды көрүү;
- мамлекеттик ишканаларды чарбакер коомдорго өзгөртүп түзүү боюнча практикалык чараларды көрүү;
- мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартибин аныктоо;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүү процессин уюштуруу;
2) жөнгө салуу функциялары:
- мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун реестрин жүргүзүү;
- чарбакер субъектилердин жооптуу сактоосунда турган социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы объектилердин реестрин жүргүзүү;
- менчиктештирилген объектилердин реестрин жүргүзүү;
- мамлекеттик мүлктү акысыз убактылуу пайдалануу жана ишенимдүү башкаруу келишимдеринин реестрин жүргүзүү;
- уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик чарбакер коомдордун уюштуруучусунун, катышуучусунун (акционердин) ыйгарым укуктарын ишке ашыруу;
- уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордо корпоративдик башкарууну жакшыртуу боюнча чараларды көрүү;
- уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун башкаруу органдарынын мүчөлөрүн жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин тандоону, көрсөтүүнү уюштуруу;
- уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттин өкүлү менен типтүү келишимди бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилген мүлктү кабыл алуу боюнча практикалык чараларды көрүү;
- мамлекеттик мүлктү кайтарымсыз убактылуу пайдалануу келишимдерин каттоо;
- мамлекеттик ишканаларга негизги каражаттарды белгиленген тартипте эсептен чыгарууга макулдук берүү;
- мамлекеттик ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
- мамлекеттик ишканалардын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчётун бекитүү;
- республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон мамлекеттик ишкананын таза пайдасынын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
- мамлекеттик ишканалардын директорлорунун жана алардын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттин өкүлдөрүнүн ишин баалоо;
- мамлекеттик ишканалардын директорлоруна жана алардын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
- мамлекеттик ишканалардын типтүү уставын бекитүү;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг функциялары:
- Фонддун карамагындагы уюмдардын ишин контролдоо жана координациялоо;
- Фонддун карамагындагы мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталда мамлекеттин үлүшү бар чарбакер субъектилердин жана уюмдардын финансылык-чарбалык ишине мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
- мамлекеттик мүлктүн ижарага берилишин контролдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынан чегерүүлөрдү эсепке алуу, алардын республикалык бюджетке өз учурунда төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- чарбакер коомдун уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшүнө таандык дивиденддердин эсебин жүргүзүү, алардын республикалык бюджетке өз учурунда төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттардын эсебин жүргүзүү, алардын республикалык бюджетке өз учурунда төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- чарбалык коомдордун уставдык капиталында мамлекеттик үлүшкө таандык болгон дивиденддерди эсепке алуу, алардын республикалык бюджетке өз убагында төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн түшүүлөрдү эсепке алуу, алардын республикалык бюджетке өз убагында төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- ижара акылардын республикалык бюджетке өз убагында төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- мамлекеттик мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөөнүн тартибин аныктоо үчүн ижара акынын рыноктук бааларына мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун иштеринин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аныктоо, аталган көрсөткүчтөргө жетүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- андан ары натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды керүү үчүн пайдаланылбаган жана токтоп турган кыймылсыз мүлк мамлекеттик объектилерин табуу;
- мамлекеттик ишканаларга жана мамлекеттик менчик формасындагы мекемелерге мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө ижара келишими Фонддо катталбай калган учурларды табуу;
4) колдоо көрсөтүү функциялары:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу, аларды эсепке алуу жана инвентаризациялоо маселелери боюнча маалыматты чагылдыруу;
- мамлекеттик ишканалардын жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун финансылык-чарбалык иштеринин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарга ачык ээ болууну камсыздоо (коммерциялык жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтардан тышкары);
- инвестициялык жана коммерциялык долбоорлорду, ошондой эле мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөө үчүн сунушталган мамлекеттик менчик объектилердин тизмегине ишкерлердин ачык ээ болуусун камсыздоо;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, аны эсепке алуу жана инвентаризациялоо процесстерин автоматташтыруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана экономикалык жана Фонддун компетенциясындагы маселелер боюнча укуктук билимди жайылтуу максатында практикалык курстарды, форумдарды, семинарларды, конференцияларды жана башка маалыматтык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун башкаруу органдары үчүн кадрлардын резервин түзүү;
- Фонддун жана анын карамагындагы уюмдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- тейлеген иш багыттары боюнча эл аралык кызматташтыкты Министрлик менен макулдашуу менен жүзөгө ашыруу;
- тейлеген иш багыттары боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын белгиленген тартипте кароо.
5. Фонддун укуктары
12. Фонд өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик эмес мүнөздөгү актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана Министрликке киргизүүгө;
3) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары мамлекеттик мүлк объектилерине ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун белгилөөгө башка мамлекеттер менен келишимдерди даярдоодо катышууга;
4) мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар, башкаруучулар же пайдалануучулар тарабынан тиешелүү келишимдер менен аныкталган милдеттенмелердин аткарылышын контролдоого;
5) мамлекеттин атынан юридикалык жактын түзүүчүсү болууга, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордо акционердин (катышуучунун) укугун ишке ашырууга;
6) мамлекеттик ишканалардын жетекчилери, мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун башкаруу органдарынын мүчөлөрү катары канааттандырарлык эмес иши үчүн ыйгарым укуктары токтотулган же иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына мониторингдин жыйынтыктары боюнча канааттандырарлык эмес баа алган адамдардын реестрин жүргүзүү;
7) Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттик, кеңешме жана башка органдарды түзүүгө;
8) Фонддун ишине таандык маселелер боюнча консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык, коргоочу жана башка түзүмдөрдү, эксперттерди жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү дагы тартууга;
9) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден Фонддун маселелерин чечүү үчүн керектүү статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана аналитикалык материалдарын суроого жана алууга;
10) мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо маалыматтары менен эсепке алынган объектилердин иш жүзүндө бардыгына жана абалына тандалма салыштырууну ишке ашырууга;
11) мамлекеттик имараттарды жана жайларды мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана ишканаларга берүү жөнүндө белгиленген тартипте чечим кабыл алууга;
12) мамлекеттик органдардан, мамлекет катышкан коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдардан мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
13) мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун жана фонддун карамагындагы уюмдардын финансылык-чарбалык иштерине белгиленген тартипте аудит жүргүзүүгө;
14) мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартибин аныктоого;
15) мамлекеттик мүлктүн ижарага берилишин контролдоого жана мониторинг жүргүзүүгө;
16) маалыматтык жана басма ишин жүргүзүүгө;
17) Мамлекеттик мүлктү башкаруу органдарынын тутумунун кызматкерлерин сыйлоо үчүн Фонддун ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте тапшырууга, ушул сыйлыктар жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте бекитүүгө;
18) Фонддун компетенциясынын чегинде мамлекеттин мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого даттанууларды берүүгө;
19) мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо үчүн эл аралык уюмдардын жана донорлордун каражаттарын жана гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
20) мамлекеттик мүлктү башкаруу, мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо саясатын ишке ашыруу үчүн керектүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий-негизделген сунуштамаларды иштеп чыгууга илимий мекемелер, билим берүү мекемелери жана окумуштуулар менен келишимдерди түзүүгө;
21) мамлекеттик ишканага таандык болгон мүлктүн максаттуу пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо үчүн мамлекеттик ишканаларды текшерүүгө жана аймагына барууга жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө;
22) Министрликке мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоонун жана эсепке алуунун натыйжалары толук эмес жана ишенимсиз болгон учурларда мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
23) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Фонддун ишин уюштуруу
13. Фондду төрага башкарат, аны Кыргыз Республикасынын инвестициялар министринин (мындан ары - инвестициялар министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
Фонддун төрагасы түздөн-түз инвестициялар министрине баш иет.
14. Төраганын орун басарлары бар, алар инвестициялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Төрага жок учурда анын милдеттерин төраганын орун басарларынын бири аткарат.
15. Фонддун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жарандык кызмат жөнүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
16. Фонддун төрагасы:
1) Фонддун, ведомстволук уюмдарынын ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Фондго жүктөлгөн тапшырмаларды жана функцияларды аткарууга жоопкерчилик тартат;
2) эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Фонддун атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
3) орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, Фонддун башка кызмат адамдарынын Фонддун компетенциясына кирген оперативдүү, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерин чечүү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;
5) уставдык капиталда мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун башкаруу органдарына шайлоого талапкерлер боюнча сунуштарды Министрликке киргизет;
6) инвестициялар министрине төмөнкү жетекчилерди кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет:
- Фонддун карамагына кирген мамлекеттик мекемелердин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына андан ары инвестициялар министри тарабынан тиешелүү сунуш киргизүү үчүн Фонддун карамагына кирген мамлекеттик ишканалардын;
7) Фонддун карамагына кирген мамлекеттик мекемелердин жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин орун басарларын инвестициялар министри менен макулдашуу боюнча кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
8) мамлекеттик ишкананын жетекчисинин орун басарына мамлекеттик ишкананын жетекчиси убактылуу жок болгон же кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда мамлекеттик ишкананын жетекчисинин милдеттерин аткарууну тапшырат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун ички иштөө тартибин аныктайт;
10) белгиленген тартипте айырмаланган кызматкерлерди сыйлайт, ошондой эле кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу боюнча Министрликке сунуш киргизет;
11) Фонддун кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик жаза чараларын колдонот;
12) Фонддун кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
13) Фонддун атынан ишеним каттарды берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун мүлкүн жана каражаттарын башкарат жана тескейт;
14) уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар менен, ошондой эле Фонддун милдеттерине жана функцияларына ылайык жеке адамдар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү белгиленген тартипте түзөт;
15) белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана штаттык санынын чегинде Фонддун түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорлорун инвестициялар министрине бекитүүгө киргизет;
16) Фонддун карамагындагы мамлекеттик мекемелердин жана мамлекеттик ишканалардын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Министрлик жөнүндө жобого жана ушул Жобого ылайык Фонддун ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
17. Фонд өзүнүн ишин инвестициялар министринин, инвестициялар министринин тейлөөчү орун басарынын жалпы жетекчилигинин астында жүргүзөт, ошондой эле Фонддун төрагасынын түздөн-түз жетекчилиги астында иштейт.
18. Фонддун түзүмү жана штаттык ырааттамасы инвестициялар министри тарабынан бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде бекитилет, аны өзгөртүү Фонддун милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана ишке ашырылышы мүмкүн. Мында Фонддун төрагасын дайындоо Фонддун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт.
19. Фонд жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки жылдын январынан кечиктирбестен, өткөн отчеттук жылдагы иштин жыйынтыктары жөнүндө Министрликке отчет берет.
20. Фонддо коллегия түзүлөт, анын курамында Фонддун төрагасы, төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, Министрликтин өкүлдөрү, ошондой эле Фонддун борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирет.
Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамын инвестициялар министри бекитет. Фонддун коллегиясы жөнүндө жобону Фонддун төрагасы бекитет.
21. Фонддун жана Фонддун карамагына кирген ведомстволук уюмдардын жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын козгогон чечимдерин жокко чыгаруу же кайра кароо кызыкдар жактардын доосу боюнча соттук тартипте жүргүзүлөт.
7. Фонддун финансылары жана чарбалык иши
22. Фонд өз ишин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөрдү колдонот:
1) оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мамлекеттик менчиктеги мүлктү;
2) финансылык каражаттарды, мүлктү жана башка объектилерди, Фонддун ишинин натыйжасында пайда болгон интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин продуктулары түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
23. Фонддун ишин каржылоо, материалдык сыйлыктар жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны тейлөө жана өнүктүрүү Фонддун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
24. Фонддун финансылык каражаттарынын булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
2) гранттык негизде алынган каражаттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
8. Корутунду жоболор
25. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
26. Фонддун ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер Кыргыз Республикасынын архив фонду жөнүндө мыйзамдарына ылайык колдонулат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө"…Постановление · 18.08.2021 · № 146
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021