# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 499 "Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 499 "Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 499
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158530>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21132/edition/1085144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158530.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 499 "Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158530

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 8-сентябры № 499

Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы N 563-б буйругуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык компанияларынын рыноктук наркын белгилөө жана алардын инвестициялык жагымдуулугун көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Ведомстволор аралык комиссия:

- бир айдын ичинде 2008-жылдын IV кварталына жана 2009-жылдын I кварталына иш планын иштеп чыксын жана бекитсин;

- энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
