Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн менен баланы коргоо улуттук борборунун кызматкерлеринин эмгек акыларына кошумча белгилөө жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 19-сентябры № 520
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эне менен баланы коргоо улуттук борборунун кызматкерлеринин эмгек акыларына кошумча белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги № 84 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" жана 2007-жылдын 30-августундагы № 390 "Балдарды коргоо жана колдоо жөнүндө" жарлыктарына ылайык, эне менен баланы коргоо жаатында медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек акынын белгиленген фондунун чегинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эне менен баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык жана илимий подразделениелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына 25 пайыздык өлчөмдө кошумча белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу финансылык маселелерди бир айлык мөөнөттө чечсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Указ Президента КР от 30 августа 2007 года УП № 390 "О защите и поддержке детей"Указ · 30.08.2007 · № 390
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.