# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 619 "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймагында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 619 "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймагында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 619
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158523>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21125/edition/1082648/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158523.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 619 "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймагында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158523

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2008-жылдын 10-ноябры № 619 "Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Бишкек,Ош, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Кара-Көл, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол шаарларынын мэриялары:

- 2009-жылдын 3-январына чейинки мөөнөттө айылдык округдардын жана шаар тибиндеги поселоктордун администрациялык-аймактык бирдиктеринин курамындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин кабыл алышсын;

- тиешелүү комиссияларды түзүшсүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жоюлуучу органдарынын имараттарын, материалдык-техникалык жана финансылык каражаттарын кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзүшсүн;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жоюлуучу органдарынын кызматкерлерин бошотууда аларды жумуш менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылышсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган Мыйзамдан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте кароого киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин статистикалык эсебине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
