# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-августундагы N 447 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы N 722 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-августундагы N 447 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы N 722 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 447
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158520>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21122/edition/1082644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158520.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-августундагы N 447 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы N 722 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158520

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын 15-августу № 447 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы N 722 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 722 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө жобого (СББМК) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 15-пункттагы "жана статистикалык карта" деген сөздөр алып салынсын;

- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. СББМКнын маалыматтык базасына статистикалык бирдиктерди киргизүү жана аларга мамлекеттик, мамлекеттер аралык жана эл аралык классификатордун идентификациялык жана классификациялык коддорун ыйгаруу төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:

- юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр үчүн - юридикалык жак, филиал же өкүлчүлүк мамлекеттик (эсептик) каттоодон өткөндүгүн далилдеген билдирүүнүн негизинде, ал эми өзгөчө учурларда телефон - байланышы аркылуу юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү каттоо жөнүндө буйруктун номери жана күнү, алардын аталышы, дареги туурасында билдирүүлөрдү камтыган маалыматтын негизинде;

- жеке ишкерлер үчүн - субъект жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн далилдеген бирдиктүү каттоо арызынын негизинде.";

- 17-пунктта "Статистикалык карточка" деген сөздөр "Билдирүү (бирдиктүү каттоо арызы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
