# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-августундагы N 437 "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кайра сурап алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-августундагы N 437 "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кайра сурап алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 437
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21120/edition/1082640/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-августундагы N 437 "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кайра сурап алуу тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158518

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын 11-августу № 437

"Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кайра сурап алуу тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмеси жана "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-апрелиндеги № 244 токтому менен киргизилген "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмеси жана "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-апрелиндеги № 244 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кайра сурап алуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги расмий өкүлдөрүн алмаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58 токтомунун 3-пунктунун төртүнчү абзацы.

Премьер-министр

И.Чудинов
