# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы N 432 "Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы N 398 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы N 432 "Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы N 398 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 432
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158517>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21119/edition/1196549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158517.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы N 432 "Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы N 398 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (07.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158517

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын 7-августу № 432

"Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы N 398 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Маалыматты коргоонун сапаттуу системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункт "мамлекеттик сырды сактоо" деген сөздөрдөн кийин ", улуттук маалыматтык ресурстарды сактоо" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-пунктта:

"Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр менен толукталсын; "жана кызматтардын" деген сөздөр ", комитеттин, кызматтын жана агенттиктин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызматтарды сатып алуунун тартибинде:

- 5-пунктта:

"Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр менен толукталсын; "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" деген сөздөр "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
