Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы N 398 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 18 ноября 2022 года № 641 "Об утверждении Порядка организации государственных закупок товаров, работ и услуг, связанных с защитой государственных секретов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-08-07.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2008-жылдын 7-августу № 432
"Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы N 398 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Маалыматты коргоонун сапаттуу системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт "мамлекеттик сырды сактоо" деген сөздөрдөн кийин ", улуттук маалыматтык ресурстарды сактоо" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр менен толукталсын; "жана кызматтардын" деген сөздөр ", комитеттин, кызматтын жана агенттиктин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды, көрсөтүлчү кызматтарды сатып алуунун тартибинде:
- 5-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр менен толукталсын; "Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" деген сөздөр "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Порядок осуществления закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью, защитой государственной тайны и ликвидацией последствий…Порядок · 01.07.1998 · № 398
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон