# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы N 431 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы N 777 "Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы N 431 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы N 777 "Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 431
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158516>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21118/edition/1082636/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158516.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 7-августундагы N 431 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы N 777 "Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (07.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158516

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-январындагы № 29 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 7-августу № 431

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы № 777 "Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиядагы кадрлык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы № 777 "Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- биринчи позициясындагы "Жетекчисинин милдетин аткаруучу" деген сөздөр "Жетекчиси" деген сөзгө алмаштырылсын;

- экинчи позициясындагы "министринин милдетин аткаруучу" деген сөздөр "министри" деген сөзгө алмаштырылсын;

- онунчу позициядагы "бөлүмүнүн референти" деген сөздөр "бөлүмүнүн башчысынын орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкү адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын курамына киргизилсин:

Борбиев Б.И. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын начальниги; Уезбаев У.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн референти; Тойматов С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын дарылоо-алдын алуучу жардам бөлүмүнүн башчысы.

- Т.П.Молдокеев, К.А.Абдыкеримов, К.А.Аманов, Л.Б.Поляк, Л.М.Алибегашвили, Б.Д.Дууланова, А.А.Аракеев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын курамынан чыгарылсын.

Премьер-министри И.Чудинов
