# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы N 427 "Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы N 79 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы N 427 "Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы N 79 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 427
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158515>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21117/edition/1082634/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158515.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-августундагы N 427 "Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы N 79 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (05.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158515

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 5-августу № 427 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 118 "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарга жеңилдиктерди берүүнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "- үч жылда бир жолу дарыгердин рецепти боюнча Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттерден чыгарылган кез айнек оптикасы жана угуу протездик аппараттар менен акысыз камсыз кылуу."; 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "көз айнек оптикасын жана угуу протездик аппараттарды сатып алуу боюнча финансы чыгымдарын жүзөгө ашыруу ыйгарым укуктуу органдын чыгымдар сметасынын чегинде жүргүзүлөт.".

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министри И.Чудинов
