# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августу № 144 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августу № 144 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 144
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21111/edition/1083608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августу № 144 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (02.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158508

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2021-жылдын 18-августу № 144 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндө кепилдиктерди камсыз кылуу талаптарын өз убагында жана толук аткаруу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:

- 10-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы отуз биринчи абзац менен толукталсын:

"- кесиптик башталгыч билим берүү үчүн эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык кадрларды даярдоонун план-болжолун иштеп чыгуу жана бекитүү;".

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов
