# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 145 "Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссиянын чечими тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 145 "Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссиянын чечими тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21109/edition/1083620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 145 "Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссиянын чечими тууралуу" токтому (18.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158503

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 18-августу № 145 Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссиянын чечими тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечиминин 2-пунктун аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссиянын жыйынынын протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "О.К.К.В" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана "Аврора Грин" ден соолукту чыңдоо-туристтик комплексинин объекттерине үлүштүк курулуштун 20 катышуучусунун мүлктүк укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө чечимди же болбосо мүлктүк укуктарын калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди соттон тышкары тартипте кабыл алуу мүмкүн эместиги белгиленсин.

2. "О.К.К.В" жоопкерчилиги чектелген коомуна жана үлүштүк курулуштун 20 катышуучусуна ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерге мүлктүк укуктарын калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү доо арызы менен сотко кайрылуу сунушталсын

Төрага

У.А.Марипов
