# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 304 "Электр жана жылуулук энергияларына тарифтер жогорулаган шартта Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 304 "Электр жана жылуулук энергияларына тарифтер жогорулаган шартта Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 304
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158499>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21105/edition/1142306/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158499.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 304 "Электр жана жылуулук энергияларына тарифтер жогорулаган шартта Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтому (13.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158499

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2008-жылдын 13-июну № 304 Электр жана жылуулук энергияларына тарифтер жогорулаган шартта Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө 2008-2012-жылдар мезгилине электр жана жылуулук энергияларына Кыргыз Республикасынын Орто мөөнөттүү тарифтик саясатына ылайык электр жана жылуулук энергияларына тарифтер жогорулаганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги электр жана жылуулук энергияларына тарифтердин жогорулаганын эске алуу менен жарандардын айрым категорияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген жеңилдиктерди берүүнү камсыз кылсын.

2. Облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жылуулук энергиясына төлөө боюнча калктын аз камсыз болгон катмарына натыйжалуу көмөк көрсөтүшсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджетинде жарандардын айрым категорияларына электр жана жылуулук энергияларына төлөөгө карата жеңилдиктерди берүү боюнча кошумча финансы каражаттарын карасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
