Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Электр жана жылуулук энергияларына тарифтер жогорулаган шартта Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-06-13.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2008-жылдын 13-июну № 304 Электр жана жылуулук энергияларына тарифтер жогорулаган шартта Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө 2008-2012-жылдар мезгилине электр жана жылуулук энергияларына Кыргыз Республикасынын Орто мөөнөттүү тарифтик саясатына ылайык электр жана жылуулук энергияларына тарифтер жогорулаганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги электр жана жылуулук энергияларына тарифтердин жогорулаганын эске алуу менен жарандардын айрым категорияларына Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген жеңилдиктерди берүүнү камсыз кылсын.
2. Облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жылуулук энергиясына төлөө боюнча калктын аз камсыз болгон катмарына натыйжалуу көмөк көрсөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджетинде жарандардын айрым категорияларына электр жана жылуулук энергияларына төлөөгө карата жеңилдиктерди берүү боюнча кошумча финансы каражаттарын карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын жана алардын жашоо…Постановление · 23.04.2008 · № 164 · Күчүн жоготкон