# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңешинин аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңешинин аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158492>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21099/edition/1079562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158492.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңешинин аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому (21.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158492

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2008-жылдын 21-февралы № 59 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңешинин аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын турак жай курулушун өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңешинин аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жараны К.Д.Щаршекеевага жеке менчик укугунда таандык болгон 12,71 га жерин, анын ичинде 7,63 га сугат айдоосун жана 5,08 га кайрак айдоосун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүн кеңири пландаштыруу долбооруна ылайык, зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
