Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңешинин аймагында жайгашкан жерлерди „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Калктуу конуштардын жерлери“ категориясына которуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2008-жылдын 21-февралы № 59 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңешинин аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын турак жай курулушун өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңешинин аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жараны К.Д.Щаршекеевага жеке менчик укугунда таандык болгон 12,71 га жерин, анын ичинде 7,63 га сугат айдоосун жана 5,08 га кайрак айдоосун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүн кеңири пландаштыруу долбооруна ылайык, зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон