# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы № 238 "Республикалык бюджетте турган облустук маданият жана искусство мекемелерин Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы № 238 "Республикалык бюджетте турган облустук маданият жана искусство мекемелерин Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 238
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158489>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21096/edition/1243923/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158489.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы № 238 "Республикалык бюджетте турган облустук маданият жана искусство мекемелерин Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158489

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2008-жылдын 24-майы № 238 Республикалык бюджетте турган облустук маданият жана искусство мекемелерин Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө Мамлекеттик маданият жана искусство мекемелеринин финансылык иштерин натыйжалуу уюштуруу, ошондой эле алардын бюджеттик каражатты сарамжалдуу пайдаланганына контроль жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Облустук мамлекеттик маданият жана искусство мекемелерин каржылоо республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу каржылоого 2008-жылдын 1-июлунан тартып которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
