Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2021-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ 2021-жылдын 16-августу № 135 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2021-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 10-июлундагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2021-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 21 жана 31-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте (макулдашуу боюнча):
1) чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары жок, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркек жарандарды 2021-жылдын сентябрь-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
2) райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары менен камсыз кылсын;
3) кабарлоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автотранспорт менен жеткирүүнү уюштурсун.
3. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
1) аскер комиссариаттарынын табыштамалары боюнча райондук (шаардык) чакыруу комиссияларында чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу дарыгер-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
2) мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтөр алдында контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларындагы жыйноо пункттарын дарыгер-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
3) ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулатордук) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
1) аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
2) райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттолгондугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин;
3) аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
У.А. Марипов
Тиркеме
Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ
Шамыров Канатбек Казыбакович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Алманбетов Атай Омурбекович
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Ибраева Нургуль Сапаркуловна
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси;
Джабаров Нематжан Ганиевич
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн оперкызматкери;
Абдумомунов Азамат Абдыкалилович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Назарапиев Азамат Автандилович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Айдралиев Дженишбек Ниязбекович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Урманбетов Уланбек Асанович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Жандармов Руслан Анатольевич
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери;
Акматалиев Рысбек Мейманбаевич
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Бишкек шаардык Республикалык жыйноо пунктунун начальниги;
Жээнбеков Накен Жээнбекович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Балыкчы шаардык жыйноо пунктунун начальниги;
Абдраимов Талантбек Осконович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Ош шаардык жыйноо пунктунун начальниги;
Сапаралиев Исиранбил Туратбекович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Жалал-Абад шаардык жыйноо пунктунун начальниги;
Мамбеталиев Султанбек Акматсадыкович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн башкы адиси, улук дарыгер (Республикалык жыйноо пункту);
Матазов Бакыт Абдылдаевич
-
Ош облусунун Ош шаардык бириктирилген клиникалык ооруканасынын уролог дарыгери (Ош жыйноо пункту);
Алымбаев Арстан Чырмашевич
-
Жалал-Абад облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы (Ош жыйноо пункту);
Гапаров Нургазы Саттарович
-
Баткен облусунун Кадамжай шаардык Үй-бүлөлүк медицина борборунун лор дарыгери (Кадамжай жыйноо пункту);
Ташмамбетова Гульмира Болотбековна
-
Балыкчы шаардык Үй-бүлөлүк медицина борборунун терапевт дарыгери (Балыкчы жыйноо пункту);
Жумабекова Индира Масалбековна
-
Талас облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун терапевт дарыгери (Талас облустук жыйноо пункту).
Резерв:
Дуйшекеев Женишбек Жумашович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору;
Абдылдаева Гулайым Мырзаевна
-
Улуттук фтизиатрия борборунун амбулатордук-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы (Республикалык жыйноо пункту);
Таранчиев Кенешбек Жээнбекович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Бишкек шаарынын Республикалык жыйноо пунктунун начальнигинин орун басары;
Максутов Айбек Сагынбекович
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Балыкчы шаардык жыйноо пунктунун начальнигинин орун басары;
Сатимбай уулу Айбек
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Ош шаарынын жыйноо пунктунун начальнигинин орун басары;
Баатыр уулу Алманбет
-
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Жалал-Абад шаардык жыйноо пунктунун начальнигинин орун басары;
Ромашов Акун Акматалиевич
-
Ош шаарынын Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынын уролог дарыгери (Ош жыйноо пункту);
Баймуратов Мелис Жайлообекович
-
Жалал-Абад облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынын дарыгери (Жалал-Абад жыйноо пункту);
Бакиров Махмуд Абдраимович
-
Баткен облусунун Кадамжай шаарынын Үй-бүлөлүк медицина борборунун хирург дарыгери (Кадамжай жыйноо пункту);
Самакова Назира Жумабековна
-
Балыкчы шаардык Үй-бүлөлүк медицина борборунун терапевт дарыгери (Балыкчы жыйноо пункту);
Умаралиев Марат Бочонович
-
Талас райондук Уй-бүлөлүк медицина борборунун хирург дарыгери (Талас облустук жыйноо пункту).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 294 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 10.07.2021 · № 294
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675