# Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-августундагы № 134 "2021-жылдын 16-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамдарын айкалыштыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) принциптери жана ыкмалары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-августундагы № 134 "2021-жылдын 16-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамдарын айкалыштыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) принциптери жана ыкмалары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158483>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21090/edition/1134269/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158483.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-августундагы № 134 "2021-жылдын 16-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамдарын айкалыштыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) принциптери жана ыкмалары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (16.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158483

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 16-августу № 134 2021-жылдын 16-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамдарын айкалыштыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) принциптери жана ыкмалары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2021-жылдын 16-февралында Москва шаарында кол коюлган расмий тилдеги Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамдарын айкалыштыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) принциптери жана ыкмалары жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Председатель

У.Марипов
