# Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2021-жылдын 17-августундагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2021-жылдын 17-августундагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158482>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21089/edition/1088336/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158482.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2021-жылдын 17-августундагы № 138 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (27.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158482

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 17-августу № 138 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:

- 7-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Транспорт каражаттарын каттоонун, кайра каттоонун мөөнөтүн бузуу аныкталганда каттоо иш-аракеттери менчик ээси тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча органдын ыйгарым укуктуу кызматкери толтурган бузуу жөнүндө протокол жана айып пул төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилгенден кийин жүргүзүлөт.”;

- 32-пунктунун тогузунчу абзацы “чыгып,” деген сөздөн кийин “рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынан сырткары,” деген сөздөр менен толукталсын;

## 4-главасы темөнкүдөй мазмундагы 541-пункт менен толукталсын:

“541. Рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын кузовун алмаштырууга тыюу салынат.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов
