# КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 16-августундагы № 136 “Кыргыз Рсспубликасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлордү киргизүү жөнүндо” Кыргыз Республикасынын Мыйзамьшын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинии корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 16-августундагы № 136 “Кыргыз Рсспубликасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлордү киргизүү жөнүндо” Кыргыз Республикасынын Мыйзамьшын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинии корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158480>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21087/edition/1134267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158480.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 16-августундагы № 136 “Кыргыз Рсспубликасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлордү киргизүү жөнүндо” Кыргыз Республикасынын Мыйзамьшын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинии корутундусу тууралуу" токтому (16.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158480

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 16-августу № 136 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Мамашова, А.Нурбаев, У.Исмаилов, Н.Сыдыгалиев жана Р. Туманбаева тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Төрага

У.А. Марипов

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 -жылдын “ 16 “ августу ” № 136 токтому менен жактырылган

“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Мамашова, А.Нурбаев, У.Исмаилов, Н.Сыдыгалиев жана Р.Туманбаева тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесин аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу жыйымынын суммалары түрүндөгү түшүүлөр атайын эсептерде эсепке алынары жөнүндөгү ченем менен толуктоо сунушталат. “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аткаруу жыйымы аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу үчүн көрсөтүлгөн мөөнөттө аткаруу документинин талаптарын аткарбаган учурда карызкорго салынуучу акчалай өндүрүп алуу болуп эсептелерин белгилейбиз. Мында Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 5-беренесине ылайык салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзам актылары жана башка ченемдик укуктук актылар ушул Кодекске каршы келбеши керек, анткени бардык салыктык эмес кирешелер Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси менен жөнгө салынат. Демек, аткаруу жыйымдары түрүндөгү акчалай өндүрүп алуудан түшүүлөрдү жөнгө салуучу ченемдер жогоруда аталган Кодексте каралууга тийиш. Ушуга байланыштуу “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине ылайык келтирилүүгө тийиш. Ошентип аткаруу жыйымдары республикалык бюджеттин кирешесине чегерилүүгө тийиш жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментин каржылоо бюджеттин чыгаша бөлүгү аркылуу жүзөгө ашырылышы керек. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесине тиешелүү мамлекеттик органдардын атайын эсептерине аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу үчүн аткаруу жыйымдарынын суммасынын түшүүлөрү бөлүгүндө толуктоолорду киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейт.
