# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2006/2007-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун жыйынтыктары жана 2007/2008-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-августундагы N 307 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2006/2007-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун жыйынтыктары жана 2007/2008-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-августундагы N 307 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 48
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158476>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21083/edition/1082626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158476.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2006/2007-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун жыйынтыктары жана 2007/2008-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-августундагы N 307 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу" токтому (13.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158476

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 13-февралы № 48

"Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2006/2007-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун жыйынтыктары жана 2007/2008-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-августундагы № 307 токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу

2007-2008-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде республиканын отун-энергетика комплексинин ишенимдүү иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын, облустардын мамлекеттик администрацияларынын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн дебитордук карыздарды азайтуу боюнча иштеринин жетишсиз экендиги белгиленсин.

2. Облустардын мамлекеттик администрацияларынын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары энергия компаниялары менен бирдикте электр энергиясынын коромжулуктарын кыскартуу жана керектелген электр энергиясы үчүн дебитордук карыздарды азайтуу боюнча чараларды көрүшсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги № 5 тиркемеге ылайык иш-чараларды аткарууну камсыз кылсын.

4. "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2006/2007-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуусунун жыйынтыктары жана 2007/2008-жылдагы күз-кыш мезгилге даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-августундагы № 307 токтомуна № 6, 8, 13 жана 14-тиркемелер ушул токтомго № 1, 2, 3 жана 4-тиркемелерге ылайык редакцияда берилсин. № 1, 2, 3 жана 4-тиркемелер орусча редакцияда берилди

5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерин ар бир подразделениеге чейин жеткиришсин жана алардын сакталышына контролдукту камсыз кылышсын;

- дизелдик же бензин генераторлору же аккумулятордук батареялар түрүндө электр менен жабдуунун резервдик булактары аркылуу электр менен жабдуулардагы тыныгууларга жол бербөөчү электр кабыл алгычтарын комплекттөө маселесин карашсын.

6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүштүрүүчү электр тармактарынын бөлүгүн реконструкциялоо мүмкүндүгүн карашсын.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы № 1 жана № 31 түзөтүү мекемелеринин турак жай шаарчаларынын энергосистемаларын бөлүү жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы № 3, 14, 19 жана 47-түзөтүү мекемелеринин электр тармактарын жана энергетикалык жабдууларын капиталдык оңдоо боюнча иштерди аткарууга 10 млн. сом суммасында "Капиталдык ремонт" статьясы боюнча акча каражаттарын 2008-жылдын I кварталында бөлүү жөнүндө маселени карасын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
