# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылдык кеңешинин кайрак айдоосун жайытка которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылдык кеңешинин кайрак айдоосун жайытка которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158473>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21080/edition/1082620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158473.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылдык кеңешинин кайрак айдоосун жайытка которуу жөнүндө" токтому (29.01.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158473

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 29-январы № 28 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылдык кеңешинин кайрак айдоосун жайытка которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылдык кеңешинин Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 3,2 га кайрак айдоосун жайытка которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн

Премьер-министри

И.Чудинов
