# КР ӨКМӨТҮНҮН 2014-жылдын 16-июнундагы N 329 "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: КР ӨКМӨТҮНҮН 2014-жылдын 16-июнундагы N 329 "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 329
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158462>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21071/edition/1085136/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158462.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ӨКМӨТҮНҮН 2014-жылдын 16-июнундагы N 329 "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" ТОКТОМУ (16.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158462

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 16-июну № 329 “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилсин жана бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри жана Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2005-ж., № 4, 62-ст.) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

1. 62-статьяда:

- "муз даярдоо" деген сөздөрдөн мурда ''мөңгүгө таасир этүүнү болтурбоо мүмкүн эместиги ырасталганда стратегиялык объекттерге киргизилген пайдалуу казылмалардын кендерин кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Стратегиялык объекттерге киргизилген пайдалуу казылмалардын кендеринде иш жүргүзүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

2. 67-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "Агым" деген сөз "Ушул Кодекстин 62-статьясында каралган учурларды кошпогондо агым" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:

- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
