# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1 августундагы № 393 "Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл аймагынын Сары-Таш айылында жайгашкан маданият үйүнүн имаратын Сары-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1 августундагы № 393 "Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл аймагынын Сары-Таш айылында жайгашкан маданият үйүнүн имаратын Сары-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 393
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21052/edition/1079998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1 августундагы № 393 "Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл аймагынын Сары-Таш айылында жайгашкан маданият үйүнүн имаратын Сары-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (01.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158439

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 1 августу № 393 Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл аймагынын Сары-Таш айылында жайгашкан маданият үйүнүн имаратын Сары-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 6-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз «Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Ош облусу, Алай району, Сары-Таш айыл аймагы, Сары-Таш айылы, Мээрим-3 көч., № 18 дареги боюнча жайгашкан аянты 564,48 кв. метрди түзгөн жер участогу менен маданият үйүнүн имаратын Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектини муниципалдык менчикке кабыл алуу;

- объектини кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүү;

- аталган объекттин сакталышын, аны максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылуу.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
