# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 234 "Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы жана Бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 234 "Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы жана Бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 234
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158428>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21046/edition/1208945/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158428.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 234 "Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы жана Бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы бекитүү тууралуу" токтому (01.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158428

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2019-жылдын 30-майы № 234

Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманы бекитүү тууралуу (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)

Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 87-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 512-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Жазык иштери боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускама 1-тиркемеге ылайык;

- укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди алуу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө типтүү нускама 2-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 658 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору үч айлык мөөнөттө:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

3. Бул токтомдон келип чыгуучу бардык чыгымдар укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгы аныкталсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 21-июнундагы № 52 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев
