# КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 1-июлундагы N 371 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы N 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 1-июлундагы N 371 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы N 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 371
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21044/edition/1085132/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158426.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 1-июлундагы N 371 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы N 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ (01.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158426

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 1-июлу № 371

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Республиканын мамлекеттик почта байланышын колдоо, ишинин натыйжалуулугун жана калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле почта-аманат системасына өтүү мезгилинде почта тармагын андан ары пландуу өнүктүрүү, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 1-4-пункт менен толукталсын:

"1-4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы 2015-2016-жылдардагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын 50 пайызын бюджетке төлөөдөн бошотулсун. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы:

- төлөөдөн бошотулган каражаттарды жүгүртүлүүчү каражаттарды толуктоого жана ишкананы өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы программалык-техникалык каражаттарды жана технологияларды ишке киргизүүгө жумшасын;

- республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон, 2015-2016-жылдардагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчет берсин.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 8-июлунда № 60 жарыяланды

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

С.Ш.Жээнбеков
