# КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 29-апрелиндеги N 223 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 29-апрелиндеги N 223 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21043/edition/1085130/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 29-апрелиндеги N 223 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" ТОКТОМУ (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158425

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-апрели № 223

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин системасынын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун ишин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору жөнүндө жободо:

- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Министрликтин системасынын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу Окуу борбору тарабынан акысыз негизде жүргүзүлөт.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 24-майында № 43 жарыяланды

Премьер-министри

С.Ш.Жээнбеков
