# КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 2-мартындагы N 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жөнүндө" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 2-мартындагы N 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жөнүндө" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158420>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21038/edition/1082565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158420.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 2-мартындагы N 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жөнүндө" ТОКТОМУ (05.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158420

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 77 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 2-марты № 96 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнүн ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин:

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 625 "Россия Федерациясында (Москва ш.) Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине караштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Миграциялык кызмат департаментинин өкүлчүлүгүн түзүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 625 "Россия Федерациясында (Москва ш.) Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине караштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Миграциялык кызмат департаментинин өкүлчүлүгүн түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы 2016-жылдын аягына чейин 2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө уюмдаштыруучунун укуктарын бекитүү бөлүгүндө оңдоолорду киргизүүнү камсыз кылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 11-мартында № 20 жарыяланды

Премьер-министр

Т.А. Сариев
