# О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Перечня главнейших сведений, составляющих государственную тайну, и Положения о порядке установления степени секретности категорий сведений и определения степени секретности сведений, содержащихся в работах, документах и изделиях

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 761
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21037/edition/1082562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Перечня главнейших сведений, составляющих государственную тайну, и Положения о порядке установления степени секретности категорий сведений и определения степени секретности сведений, содержащихся в работах, документах и изделиях (26.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158419

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-ноябры № 761

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин жана Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундуулук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундуулук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин жана Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундуулук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундуулук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегинде:

- 39-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"39. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана укук коргоо органдарынын автотранспорт каражаттарынын саны жана техникалык абалы жөнүндө маалыматтар.";

- 66, 67, 68 жана 70-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Топтомо маалыматтардын (автомобилдердин саны жана техникалык абалы жөнүндө топтомо маалыматтар; республика боюнча жалпысынан мамлекеттик каттоодо турган калк жөнүндө топтомо маалыматтар; мамлекеттик каттоодо турган укуктук бирдиктер жөнүндө топтомо маалыматтар; персонификациялоочу жана идентификациялоочу документтерде камтылган топтомо маалыматтар; мамлекеттик каттоодо турган жалпы автоайдоочулар жөнүндө топтомо маалыматтар) кармоочусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ушул маалыматтардын купуялуулугун сактоону камсыздоо боюнча толук чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 12-декабрында № 127 жарыяланды

Премьер-министр

С.Исаков
