ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 21 ноября 2017 года N 761 «О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики «Об утверждении Перечня главнейших сведений, составляющих государственную тайну, и Положения о порядке установления степени секретности категорий сведений и определения степени секретности сведений, содержащихся в работах, документах и изделиях»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 26 апреля 2024 года № 206 "Об утверждении Перечня государственных органов, органов местного самоуправления и организаций, наделенных полномочиями по отнесению сведений к государственным секретам, и Перечня главнейших сведений, составляющих государственные секреты Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-04-26.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-ноябры № 761
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин жана Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундуулук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундуулук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 "Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин жана Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундуулук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундуулук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегинде:
- 39-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана укук коргоо органдарынын автотранспорт каражаттарынын саны жана техникалык абалы жөнүндө маалыматтар.";
- 66, 67, 68 жана 70-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Топтомо маалыматтардын (автомобилдердин саны жана техникалык абалы жөнүндө топтомо маалыматтар; республика боюнча жалпысынан мамлекеттик каттоодо турган калк жөнүндө топтомо маалыматтар; мамлекеттик каттоодо турган укуктук бирдиктер жөнүндө топтомо маалыматтар; персонификациялоочу жана идентификациялоочу документтерде камтылган топтомо маалыматтар; мамлекеттик каттоодо турган жалпы автоайдоочулар жөнүндө топтомо маалыматтар) кармоочусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ушул маалыматтардын купуялуулугун сактоону камсыздоо боюнча толук чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 12-декабрында № 127 жарыяланды
Премьер-министр
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндөЗакон · 15.12.2017 · № 210 (15)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 "Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик…Постановление · 26.04.2024 · № 206
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон